Жараткан мамлекетибизди элибизди бөөдө кырсыктан, апааттан, оорудан сактасын.

Урматтуу мекендештер!
Дүйнө жүзүн каптаган оору биздин элибизге да жетип, нечендеген жарандарыбыз каза болду.
Жүздөгөн үй-бүлө жакындарын жоготуп, кабыргасы кайышып отурат.
Ар бир мекендешибиздин өлүмүн оор жоготуу катары, терең кайгыруу менен кабыл алып жатабыз.
Баардык илдеттен көзү өткөн жарандарыбызды эскерүү үчүн бүгүн Улуттук аза күтүү күнү жарыяланды.
Аларды эскерип, куран окуп, дуба кылып туруу баарыбыздын инсандык парзыбыз.
Бул пандемия бизге өмүрдүн барктоону, ден соолукту сактоону, жакын адамдарыбызды сыйлоону, бир туугандык мамилени бекемдөөнү үйрөттү.
Бузулбас ынтымагыбыз, күжүрмөн аракетибиз менен буйруса ооруну жакынкы күндөрдө жеңебиз деп ишенем.
Баарыңыздар бекем ден соолук, сабырдуулук жана көзү өткөндөрдүн артында калган үй-бүлө, жакындарына кайрат тилейм.
Жараткан мамлекетибизди элибизди бөөдө кырсыктан, апааттан, оорудан сактасын.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *