Чыныбай Турсунбеков мыкты инсан, ийгиликтүү ишкер, тажрыйбалуу депутат эле.

Чыныбай Турсунбеков мыкты инсан, ийгиликтүү ишкер, тажрыйбалуу депутат эле. Ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө, жарандарды жумуш менен камсыз кылууга бараандуу салым кошту. Ал биздин өндүрүш тармагында кеп-кеңешин айтып, жол көрсөткөн устатыбыз болсо, парламентте жакын мамиледеги чечкиндүү, кичипейил, таза кесиптешибиз болчу.
Анын мезгилсиз дүйнөдөн кайтышы биз үчүн жана кыргыз мамлекети үчүн оор жоготуу болду. Учурда кабыргабыз кайышып турат.
Чыныбай Акуновичтин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *