Чубак ажы Жалилов жалпы Орто Азияга таанымал дин аалымы эле.

Чубак ажы Жалилов жалпы Орто Азияга таанымал дин аалымы эле. Ал өз өмүрүн ислам динин жайылтууга, адеп-ахлак принцпиптерин түшүндүрүүгө жана адамдарды ыйманга чакырууга арнады. Чубак ажы өлкөдөгү ар бир кырдаал боюнча өз пикирин билдирип, элди ынтымак, биримдикке, сабырдуулукка чакырып турчу. Башынан ак калпакты чечпеген, эл-жерин сүйгөн патриот болчу. Аалымдын курч, ары тамашалуу жооптору, таасирдүү баяндары эл арасында кеңири жайылган.
Чубак ажынын жаткан жайлуу болуп, Жараткан кабырын нурдуу кылсын. Үй-бүлөсүнө жана жалпы мекендештериме терең кайгыруу менен көңүл айтам.

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *